чөмөр

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Сузуп алуу үчүн сууга, суюктукка идишти ж.б. батыруу, батыра сузуп алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүгүндөн баштап урушмак, / Эр сайышып көгөрүп, / Баатырлар кийип башына, / Туулгасын чөмөрүп, / Сүр көрсөтүп өзүнчө, / Күүлүү найза өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туулгасын башка чөмөрүп, / Өчөшкөн доңуз көгөрүп, / Каңгайлап ураан чакырып, / Кайраты көптү жапырып, / Майданга келди лакыйып, / Калың кыргыз калкынан, / Кененим чыкты бастырып, / Жаалысы келип жүзүнө, / Баатырдын уулу чунактын, / Жан багалбай түсүнө, / Бир сары тон жамынып, / Күрөөкөнүн үстүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыркыңа кыркты жасаттым, / Чөмөрө басып кийерсиң, / Жеңеңердин бергенин, / Ошондой жерде билерсиң, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Калканы жонго артылып, / Кисепче менен калдыркан, / Тизеден ылдый салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, / Төбөсүнө чөмөрүп, / Буттап темир курчанып, / Жекеге чыккан эрди алып, / Эл бийлеген зорду алып, / Ара жерге жол салып, / Таласты талап мал алып, / Айчүрөктү олжо алып, / Хан Се… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…чүм барында, / Сомбилек мага тең эмес, / Каманчы менен Калкатай, / Сулаткамын экөөнү, / Сомбилек андан эр эмес, / Айтып болуп мөндүрү, / Ойуна албайт өлүмдү, / Чөмөрүп туулга томпойуп, / Туурасы жоон, бойу пас, / Оройу суук култуйуп, / Сакалы жок ээгинде, / Караса башка мултуйуп, / Түк чыкпаган дегеле, / Эки бети тултуйуп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →