чөмү
- Чумкуу, сууга чумуу, суюктукка, терге батуу.
- өт. Ойго, кыялга батуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну угуп Бекбача, / Кабагы карыш чөмүлүп, / Кар жаачу күндөй бүркөлүп, / Кара жанга күч келип, / Көргөн түшү Акмаңдай, / Көрүнүп турат көзүнө, / Бекбачанын өзүнө: / “Кокту каттан бир катын, / Алдым эле башымда, / Сур жылан ошол болбойбу, / Эгиз тууду деп уктум, / Үч жылан үчөө болбойбу, / Калап тийген ал катын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кула атын, / Жергеден өтүп кеткенде, / Жамгырлуу жайга жеткенде, / Жүндөрү тал-тал бириндеп, / Тал токойдой көрүндү, / Жылмайтып жыйнап алганда, / Күндү көрбөй чөмүлдү, / Козголуп жерден былк этти, / Канатын кагып серппеди, / Качан учат деп турса, / Кененим, жерге түш, деди, / Кудай өзү бериптир, / Кара кушка катуу күч, / Төш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →