чөк1

китептерде 54 жолу, 10 китепте чөк 2 →чөк 3 →
  1. Көбүнчө орулган эгиндердин, куурайдын ар кайсы жерге топ-топ кылып коюлгандагысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жерге силкип чөк деди, / Ооз омуртка мууздоодон, / Оморулуп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →