чөйчөк

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Көбүнчө жыгачтан жасалган кичирээк идиш, кичинекей аяк.
  2. Гүлдөрдүн жана гүлдүн уругунун сыртынан каптап туруучу кабыкча.
  3. Абдан семиргенде көбүнчө жылкынын соору ченинде пайда болуучу тегерек оюкча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Анча-мынча кол салып, / Алтай, Чөйчөк, Иледен, / Баркөл, Комул, Турпандан, / Кутубий, Манас - булардан, / Чыгыш-түштүк Асман көл, / Батыш-түштүк Көккамыр, / Арадан эрен кабырга, / Мал алдыңар булар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эр назар кызы Урумкан, / Ажыбайдын келгенин, / Эр Манастын үйүнө, / Басып анда киргенин, / Баарын билген Урумкан, / Ак чөйчөккө суу алып, / Алдынан чыкты буралып, / Үч-төрт жолу имерип, / Башынан чачып жиберип, / Алып кирди үйүнө, / Урумкан аны ийгерип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таманга тери калтырбай, / Калдырак кара таш тилип, / Күнү-түндө бир чөйчөк, / Сууну койот ичирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айтып сөзүн болгуча, / Ачкан оозун жумганча, / Корккон эмес чын ушул, / Коржоңдогон Канчоро / Оолугуп сүйлөп жиберип, / Алдындагы Каралат, / Ооздук тиштеп нидерип, / Ачууланса Канчоро, / Чөйчөктөй болуп көз жайнап, / Көпчүлүккө карата, / Күпүлдөп баатыр сөз баштап: / “Барыбыздын башчыбыз, / Баатырын турса коргондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →