чөйрө

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Курчап турган айлана, тегерек.
  2. өт. Кандайдыр бир таасирдин, мамиленин, өз ара катнаштын ж.б. айланасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ардык албай жол жүрдү, / Эр Көкчөнүн кишиси, / Соккон желдей зыркырап / Элине жетип келиши / Барганынан келгени, / Бардыгын айтып бериши, / Чөйрөнү жардап тургандар, / Манастын жайын билишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бала жерге түшкөндө, / Жарк эткенсип дүнүйө, / Чөйрөдөгү турганга, / Укмуш болду көрүнөө: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торгойдон бетер сүйлөнүп, / Чөйрөсү менен тал агып, / Үстү менен сал агып, / Жаш балаты карагай, / Башы көтүн карабай / Тамыры менен суурулуп, / Жарга келип урунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чоңкол да ушу чөйрөдө болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул чөйрөдө бизден башка мыдыр эткен жан жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →