чөгөр
- Тизесин бүгүп чөктүрүү, жаткызуу (көбүнчө төөгө карата).
- Чөктүрүп, суунун же башка суюктуктун түбүнө түшүрүү.
- Тереңдеген, тереңирээк баткан абалга келтирүү.
- Батыра орнотуу, чөктүрө орнотуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтындан кылган жан казан, / Ашкананын оозуна, / Күмүштөн кылган туулгага, / Дүмүнөн салып көмөргөн, / Салган шырдак четине, / Күмүштөн чеге чөгөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Сууга таза жуудуруп, / Күнгө жайып кургатып, / Казанга таптап куурутуп, / Адамдын күчү өтсүн деп, / Агарганча тыштарын, / Ушалатып ыштарын, / Тундурган майга чөгөрүп, / Сууганча демдеп көмөрүп, / Аны берет наштада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эми чөгөрө тилип койсо карды жарылып, экинчиси сүт чыкпай (чыкса да жарытпай) өлүп калат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Сейит чал көрөрү менен Чыныбек таз экенин билип, тайлакты кармап алып үйүнө алып барып чөгөрүп, темир казыкты еркөчүнө кагып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →