чөгөлө

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Эки бутту артка бүгүп, тизелеп отуруу, тизелеп турган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачып көздү жумгуча, / Аны-муну кылгыча, / Бирине-бирин жеткизбей, / Жанына жакын келтирбей, / Бүктөй кармап камчыны, / Бирден чаап сулатты, / Баарын аттан кулатты, / Жалпы баары чөгөлөп, / Арстан Гүлүс баатырдан, / Амандыгын сурашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Жалманкөк деген ат эле, / Камчыга бөлөп көк атты, / Кардыгач барып тийди эле, / Каңгырап каапыр турганда, / Кардыгач найза урганда, / Бадыкөлдүн тулпары, / Чөгөлөй түшүп оңолуп, / Менменсинген бадырек, / Кайраты баштан жоголуп, / Качырып кирди ошондо, / Кабагын бүркөп чуу койуп, / Карманап менен Карадөө, / Качып кетти бир… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күчтүү урган найзага, / Чыдай албай Тоосур ат, / Эки колу мүдүрүп, / Чөгөлөдү жүгүнүп, / Куйалынын жел жетпес, / Албан түрдүү жүгүнүп, / Сарыбайдын аскери, / Эринен калды түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүнгөн жерден күмбөзү, / Аттуу адам барбады, / Аттан түшүп алганы, / Бута атымча барганда, / Чөгөлөшүп жүгүнүп, / Тизелери бүгүлүп, / Арбагың эбеп жөлө, деп, / Көзүнүн жашы көл болуп, / Көпчүлүк баары жалбаарып, / Талаага кайкап эл толду, / Бекбача баатыр өткөлү, / Баатыр шердин күмбөзүн, / Мындай тайыш болбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Тос тигини,— деди бала чөгөлөп, айран ичип жатып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →