чөбүрө
- Неберенин баласы.
- Майда, кичинекей, жаш балдарга карата жалпысынан айтылуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калмактын эли көбүрөөк, / Көйкашкалар көмүлүп, / Көп да болсо чөбүрөөк, / Майдасы калды, чоңу жок, / Кенже койдой чөбүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Торго түшүп тордолуп, / Колу- буту байланып, / Жалдырап баатыр турганда, / Эр Кененим көк жалды, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Чөбүрөшүп жатканда, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушинтип, эки үйдүкүн кошкондо жалаң чөбүрө балдар ондон ашык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →