чүңүрөй
- Көзү ары кирип көрүнүү, көзү чанагына карай батыңкы көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кирпидей тикирейген узун кашы бар, кабагы терең, чокчо сакал, кипкичине чүңүрөйгөн кара киши экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →