чүчкүр
- Мурун дүүлүккөндө катуу дабыш менен абаны эрксизден бүркө сыртка чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ап козулар, / Бышып жаткан быркылдап, / Эт бышырган катындар, / Эт оодарып шыпылдап, / Жанаша басып келин–кыз, / Күлкүлөрү шыңкылдап, / Бөрүнүн көрсө элесин, / Чүчкүрүп эчки быйтылдап, / Дөбөттөр үрүп арсылдап, / Кыйкырып койчу заңкылдап, / Азоону минип жылкычы, / Жин тийгендей шалкылдап, / Бөрүнүн үнү угулса, / Атылып мылтык …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Угуп Бетер токтолуп, / Улутунуп үшкүрүп, / Буйт дегинче чүчкүрүп: / — Сага келдим, Каратил, / Келгенимдин жайын бил, / Айткалы сырын келгемин, / Батай, Катай иниңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өзөгүнөн өрт күйүп, / Тапан хан турду үшкүрүп, / Жаанда калган эчкидей, / Бытылдата чүчкүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Быйт чүчкүрүп эчкилер, / Так секирип улактар, / Агаласайдын ташындай, / Адырга келип топ болду, / Ташка ойноп чунактар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →