чүрөк1

китептерде 420 жолу, 8 китепте чүрөк 2 →
  1. Өрдөктүн бир түрү.
  2. Өрдөктүн ургаачысы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…п, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык балбаны, / Азыркынын Сардары, / Шер Гүлүстөн абам кел, / Каныкей, Чүрөк – энем кел, / Кыргыздын эли кыйналды, / Кыйамында кайрат бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…т хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүп жүрсөң эрте-кеч, / Көркү эле кыргыздын, / Чүрөктү койо турарбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →