чүпүрөк
- Эндей кездеменин бир кесиндиси, өөнү, кичинекей бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таанылганын жыйнашып, / Таасыбаттап сыйлашып, / Бузулушуп көңүлү, / Булатып жашын ыйлашып, / Ак топурак дөңсөөдөн, / Ар кимиси көр казып, / Арбагы ыраазы болсун, деп, / Ак чүпүрөк белги асып, / Кыргыздар кетти түшкүнгө, / Кылгырта жашын чубашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш билги болгон коркушуп, / «Башыбызды алат» — деп, — / Коркконунан кобо албай, / Ордунан өөдө туралбай, / Эси ооп турганда, / Жапанга аскан чүпүрөк, / Как ошондон белгилеп, / «Жашынсаң да белгилүү, / Тур ордуңан келгин — деп, — / Ордуңан тур» — дегенде, / Чанданып тура калалбай, / Жыгылып, кооп темтеңдеп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →