чүмкөмө
- Чүмкөп коюлган, үстү чүмкөлгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…астын / Ойуна кетип мобу кеп: / “Кырк баатырды чогултуп, / Чакыртып алып Алмамбет, / Көңүл ачаар ат ойун, / Салган белем алар”- деп, / Олпокту кийип оңдонуп, / Чүмкөмөсүн тим койуп, / (Жаткан үйдө баатырдын / Бир башында Аккула, / Бир башында өзү эле) / Бастырып жөнөп калыптыр, / Аккула минип зоңкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Үч күн өттү арадан, / Үйдө жалгыз олтурсам, / Кырылып калган кырк айбан, / Кыйкыра берди аламан, / Алмамбет, Чубак барбы деп, / Ат ойун салып алганбы, / Көрөйүнчү аны деп, / Ак олпок кийип денеме, / Ойума албай эч неме, / Аккула минип артылып, / Алганым жок бош койгом / Чүмкөмөмдү тартынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →