чүкө

китептерде 33 жолу, 7 китепте
  1. Шыйрак менен жото жиликтин кошулган жериндеги үстү жагы төмпөгүрөөк келген төрт кырча, өзүнчө бөлүнүп алына турган сөөк (көбүнчө балдар ойной турган майда жандыктардын ушундай сөөгү).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келип калса хан Калдык, / Жалганы болбойт сөзүмдө, / Жекени берем өзүнө, / Баш кошкондо беш урук, / Кымыз ичип бабырган, / Ордо салып короого, / Чүкө атканда чуулган, / Аламан өскөн кыргызды, / Келбей калса хан Калдык, / Аскерди төрткө бөлбөсөм, / Алакандай Таласка, / Ар тараптан кирбесем, / Астын-үстүн кылб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өткөн күнү өкчөштүк, / Жан айабай салышып, / Ошол күндү өткөздүң, / Ойноп чүкө карчаштың, / Каруулашып кармаштың, / Мен барайын алдында, / Тилимди алсаң барбагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көкчөдөн сурап жатканда, / Жаткан моңгул жалдырап, / Алкымында балдырап, / Чүкөдөн чыккан чатакты, / Айтып ийди аныктап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сакасы эле чүкөнүн, / Аркар тил эле бүлөөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →