чээн

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Кээ бир айбандардын (мис. аюу, суур ж.б.) же курт-кумурскалардын кыш бою аракетсиз, жата турган жайы, үңкүрү, ийини.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айуусу муздун жээгинде, / Балтырканды кемирип, / Чээнге кирчүү жеринде, / Топосун чапчып жеп жатат, / Суур койбой ийинге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзүңдү сүзүп каласың, / Каадаланып унчукпай, / Эртең жооп берем, деп, / Кортулдайсын доңуздай, / Сен жооп бер, Тапан хан, / Чач-сакалың саксайтпай, / Чээнден чыккан айуудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Барбагын десем болбойсуң, / Сейтек барбай койбойсуң, / Менин көзүм барында, / Өз эркиңче ойногун, / Айуу кирди чээнге, / Илбирс, суусар, сүлөөсүн, / Түлкү менен чөөсүн, / Керектүүсүн койбогун, / Алтымыш айры бугусун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
калтаарбай, / Аргытып бура жөнөдү, / Атынын башын түк тартпай, / Бала баатыр кезенип, / Бастырып утур чыкканда, / Кара жалдуу чоң Ойрот, / Каарданды ушунда, / Чээнден чыккан жыландай, / Заарданды ушунда, / Сууда жүргөн жайандай, / Жалаңдады ушунда, / Ачуусуна чыдабай, / Алаңдады ушунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →