чыңыр
- Абдан катуу, ачуу ичке үн чыгаруу, ушундай үн чыгарып ыйлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Толгоп турду чыңыртып, / Санына салып чылбырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бай Жакып чыкты бакырып, / Чыйырды чыкты чыңырып, / Кыргыздар келди жыйылып, / Хан Бакай баштап күйүгүп, / Кабылан укту туйунуп, / Кермеден атты алдырды, / Нөөкөрлөргө буйуруп, / Отуз нөөкөр кыл шайы, / Ордод…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чынкожону чыңыртып, / Чын дүйнөдөн кетирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Суу пери менен коштошуп, / Зымырык менен достошуп, / Кызыл чапан жайдак төш, / Кызыл мистен там салган, / Кылымда өжөр бул элден, / Гүлкакыдай кушту алып, / Чыңыртып туруп Чыңгышты, / Чыныкени кошо алып, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Учарлыктан тынарлык, / Агыны дайра чыккан чөп, / Баарынын тилин билиптир, / Түгөнбөгөн ол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдемеден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →