чыңа

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Чың кылуу, бекем кылуу; күчөтүү, өнүктүрүү.
  2. Чалгынын, кетмендин ж.б. мизин чыгара, мизин жукарта чапкылоо, чапкылап чыңдоо.
  3. Керүү, кере тартуу, чыйралтуу, чоюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адамзатта арып көп, / Аттарын Ооган караптыр, / Чыначаа минген ат калган, / Андан башка калбаптыр, / Жерге жакын жөө кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыңалган темир жүздөнүп, / Өрттөй жанган көзүңдү, / Манастын уулу экенсиң, / Дайындадың өзүңдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ого бетер чыйралып, / Кара боюн бекитип, / Чыңап алды, үмүтөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →