чычаңда

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Куйругун сереңдетүү, куйругун серейтип чуркоо, секирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…им улак, чычкак уй, / Аны мага калтырды, / Сокур төө кетет олоңдоп, / Аксак кой кетет чолоңдоп, / Улак кетет сереңдеп, / Жиңгек атып куйултуп, / Чынак уй качат чычаңдап, / Эгинге кирет бир жерге, / Малыңды тосуп албай, деп, / Ээси келет кызаңдап, / Азабын тартып мен жүрдүм, / Мана минтип кыйшаңдап, / Алты айдын ары жагында, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камчыга атын бөлөдү, / Татыбек баатыр жөнөдү, / Келе жатат Адырай, / Жапжалпак мурду далыдай, / Сөлөкөтү көрүнөт, / Суур кууган айуудай, / Үркөрдөй болгон Жылбаскер, / Чычаңдап койот качырдай, / Эби келсе аты да, / Жегидей сөөк кажырдай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →