чычаң

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Өсүндү сыяктанып кеткен эң акыркы куйрук омурткалары.
  2. Эчкинин куйругу.
  3. өт. Арты, эл арты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алжыр доңуз акырып, / Бар кайратын бакырып, / Сайып өттү баланы, / Балык эттин сөөм жерин, / Жарып өттү баланы, / Соорудан канын чубуртуп, / Малып өттү баланы, / Чычалактай кызыл кан, / Чычаңынан куйултуп, / Жайып өттү баланы, / Бөйрөккө найза жетпеди, / Анчалык тийген найзага, / Аңтарылып кетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саамай чачы салаңдап, / Кулагын басып кетиптир, / Арка чачы узарып, / Ачасынан чычаңдын, / Ашып түшүп кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көкбука урган чоң найза, / Ай далынын көбүк эт, / Учу кетти аралап, / Чычаңы ылдый кара кан, / Көп куйулду салаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чычаң сөөгү коройуп, / Эти кетип жооруптур, / Олтура албай Токто абаң, / Кыйшалактап туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →