чычала2

китептерде 5 жолу, 3 китепте чычала 1 →
  1. Өзүнө карата айтылган сөздү, сынды көтөрө албоо, кызыраңдоо, айтылгандарды жокко чыгарууга танууга аракеттенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кененимдин көзүнөн, / Чычаладай от жанып, / Майторунун акырдан, / Алдырып келди бат барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Кытан алпты камынтпай, / Койуп өттү капталга, / Чычалактай кара кан, / Агып кетти шыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алжыр доңуз акырып, / Бар кайратын бакырып, / Сайып өттү баланы, / Балык эттин сөөм жерин, / Жарып өттү баланы, / Соорудан канын чубуртуп, / Малып өттү баланы, / Чычалактай кызыл кан, / Чычаңынан куйултуп, / Жайып өттү баланы, / Бөйрөккө найза жетпеди, / Анчалык тийген найзага, / Аңтарылып кетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чычалактай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Булардын бир жаман жери: отко бир-эки чычала салып коюп, ошону менен жарым түнгө чейин болсо да бүлкүлдөтүп отура беришет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →