чычай
- Сербейүү, сербейип чыгып туруу.
- өт. Керейүү, бой көтөрүп дердейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Банус хандын артынан, / Жалгыз кеткен кара көк, / Аккула менен аргытты, / Артынан кууп жетем, деп, / Жетпесем ишим бекер, деп, / Көөшөрүп бара жатканда, / Чычайа качкан Банус хан, / Кылчайып артын караса, / Кабылан Манас келатат, / Калдайган кара талаада, / Бир кечмелик, кош кашат, / Жер көрүндү арада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ал куйругун чычайтып көтөрүп алып, өңкүлдөп кетип барат, мен артынан калбай безилдеп, кууп барам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эшиктен кире берген жерден, төргө, үстөлдүн үстүндө мурутун чычайтып, сурданып, бир кагазды тикийип тиктеп отурган приставды көрдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чычайган муруттуу казак орустар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү кийиз-ди сууга таштап: "Бүргө неге кутурдуң, эми сенден кутулдум"-деп чычайып жолго түшкөн экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →