чытырман

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Өтө калың, жыш (токойго карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ээр кашынан кар жиреп, / Эки күндө, үч түндө, / Каранын четин көргөнү, / Кардын чети жер экен, / Чытырман токой чер экен, / Токойго кире берерде, / Кызыл жалын жабылып, / Качыраган үн чыгып, / Токойдун ичи жаңырык, / Асманда жал шыркырап, / Жыгач кыйрап кычырап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бадалдуу терек токойго, / Шумкарды шилтеп ийгенде, / Кырголду мычкып шумкары, / Чытырманга киргенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →