чытыра

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Чытыр-чытыр эткен дабыш чыгаруу, ашкере чыңалып кетүүдөн чытыр-чытыр этүү.
  2. Кычыроо, кычырап өтө катуу болуу (көбүнчө суукка карата).
  3. Абдан чыңалуу, толуу, чытырап жарылчудай абалга жетүү.
  4. өт. Менменсинип, көбүңкү абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан Отордон, / Чымдуу жерлер чытырап, / Суусу агып чылпылдап, / Какырга калса капташып, / Таштар учуп чыркырап, / Топурак учуп буркурап, / Эпкининен шамалдап, / Жел айдады зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мужун катын турбады, / Чытырата кол-бутун, / Тору атына таңганы, / Жүрөмбү деп жалынтып, / Божуратын зарылтып, / Тилин кесип таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жанжүң менен Дуудусту, / Чытыр-мытыр Доотайы, / Чытыраган кытайы, / Көпчүлүктүн басылбайт, / Ойун-күлкү чуу-чуусу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й уз алам, / Кабарын угуп сулуунун, / Алсамбы деп баратам, / Ооганды карай кетерде, / Таластан барып өч алам, / Кызыталак кыргыздын, / Бооз катынын жарбасам, / Чытырап кооз кийинген, / Кыздарын олжо кылбасам, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Сүрүп малын айдатам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →