чырылда

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Чыр-чыр этүү, чыр-чыр эте безеленген ачуу дабыш, үн чыгаруу.
  2. Чыркыраган ачуу үн чыгаруу, чыркырап ыйлоо, безилдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карагай, терек, кайыңда, / Куштар турган чурулдап, / Үн алышып канаттуу, / Сайрап жатат чырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абал мурун жасады, / Чаба турган кылычын, / Сегиз киши барсканчы, / Сегиз киши балкачы, / Барскан жанса балкалар, / Ширөө чыгып шырылдап, / Жалын учуп чырылдап, / Отто темир бороктоп, / Кайнап жатат быжылдап, / Балта менен барсканчы, / Тер чубуруп жымылдап, / Бел кырчоодон казган жер, / Көлчөк болуп чылпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каратып туруп атасын, / Шишке сайат баласын, / Тирүүлөй жейт нечесин / Чырылдатып энесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Экинчи жебе зырылдап, / А дагы жетти чырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →