чыртылда

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Чырт-чырт эткен дабыш чыгаруу.
  2. өт. Жактырбаган мүнөздө чукул кыял көрсөтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чегирткеси чыртылдап, / Ырчылардын комуздай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Асман тиреп көз кайкап, / Турган тоолор жоголду, / Чычкан болуп чыртылдап, / Качып кемпир чу койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Улам –улам чыртылдап, / Калдап көзүн бүлбүлдөп, / Туурда туруп ак шумкар, / Күйпүйүп кетти бек жүдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →