чырпык
- Бак-дарактын майда бутактары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…дөктөшүп кирген чач, / Тарабай чачы узарып, / Күлгүн тартып беттери, / Күн тийгендей тунарып, / Жарылып жүрөк кетчүдөй, / Торгойго кирди кубаныч, / Жаңы талдын чырпыгы, / Так ошондой буралып, / Басканы сонун адамдан, / Башкача түрү суналып, / Оолжуй басып теңшелип, / Ооруп эми айыккан, / Оңолгон киши кептенип, / Кудайдын күнү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калмактардын Чыңгыш хан, / Кырк эшиктүү темир нам, / Кыйдырбай жалгыз чырпыгын, / Ашып келет кылымдан, / Чыңгыш хандан кат алып, / Эсен хандан бата алып, / Алоокенин Коңурбай, / Капалда жаткан тынч элди, / Талап алды деп угам, / Эл оозунд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутула албай Сейиттен, / Кургак жерди көл кылып, / Кеме кылып чырпыкты, / Чыкпай жердин бетине, / Келдим сенин жериңе, / Караан тутуп тал кармап, / Качып келдим элиңе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чурк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тулаңы өнүп буралып, / Чырпыгы жерде чубалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →