чырмап

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. диал. Чачык чыгарылып, байланган жерине чейин сайма менен кооздолгон ычкыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акылына көндүргөн, / Алты жүз кызды чогултуп, / Килем токуп, чий чырмап, / Букарда жасап дүрүйө, / Пулу оор карала, / Иш жасатып көндүргөн, / Алмамбеттин алганы, / Каныкейдин сиңдиси, / Кара хандын Арууке, / Эркек эмес айалы, / Баш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салганда, / Чиренип тартып калганда, / Аты менен Кененим, / Сүйрөтүп алып кете албай, / Дүбүрөшүп жатканда, / Жер силкинип козг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Болорун мурда болжодум, / Чырмап жүрүп кырк жигит, / Чыгармак элең ойронум! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керкиттин бардык жерине, / Бир жарым жыл турганда, / Мээнет чырмап, бак качып, / Бизди кудай урганда, / Бекерден калдык бушманга, / Кармалып калды башыбыз, / Карадөө деген душманга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бутундагы чокоюн, балтырын жип менен чырмап алыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →