чырма

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Каршы-терши ороп байлоо, таңуу, артылтып, айланта ороо.
  2. өт. Курчоо, чулгоо, басуу (санаа, кыял, кырсык ж.б.).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төөнүн жүнүн бойогон, / Чырмак чийдин четине, / Кара оозуна оргон, / Он эки түрдүү жибектен, / Чийди кылдап чырмаган, / Үйгө жапкан кийиздин, / Тышын аппак тордогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртең менен болсун, деп, / Чыгып бара жатканда, / Чылбырынан алайын, / Башымды кесип ийсе да, / Чырмалып туруп калайын... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жете барып Гүлчоро, / Урматтуу күлүк Буурулдун, / Чылбырынан кармады, / Чырмалып тура калганы, / Чыркырап бала ыйлады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…р Сомбилек жуп тайган, / Аргымак –төртөө жатышты, / Алып келет ал жерге, / Тайгандар айдап кайыпты, / Сомбилектин жанына, / Көп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →