чыркыра
- Чыр-чур этүү, чырылдаган үн чыгаруу.
- Чырылдап ыйлоо, чырылдаган ачуу дабыш чыгаруу.
- Ч ырылдаган, чыр айланып катуу шуулдаган дабыш чыгаруу (мис. ыргыган таш).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оролуп найза сайышып, / Оң-тетири салышып, / Жан айабай жабышып, / Туулгага балта чак этсе, / Көөдөнгө найза так этип, / Кылычтын баары кыйрады, / Кылымдан чыккан кыйындар, / Чыркыратып бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш башталды, / Дөнө өөдө көрүндү, / Заманды баатыр баш болуп, / Өлгөн мурун баштакы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тараша кетип быркырап, / Сыныктары асманга, / Учуп жүрөт чыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качырып кирип барганда, / Баарысы турду чуркурап, / Бөлүндү балдар чыркырап: / — Төрөбүзсүң Алмамбет, / Төгүн эмес айткан кеп, / Таштабай бизди ала кет, / Жаныбызсың Алмамбет, / Калпыбыз эмес айткан кеп, / Каканга койбой ала кет, / Арк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыркыраган чоронун, / Чын айласы кетти эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жаткан энемди басып жыгылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →