чыраш
- Жалбырактары тамырынан таралган, эрте жазда гүлдөөчү жапайы өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суратыптыр Акбалта, / Сөзсүз берет Буудайык, / Кийерге келет Ак олпок, / Бузулган жерин оңдоймун, / Үзүлгөн жерин улаймын, / Була салып булаймын, / Жыртылган жерин жамаймын, / Кыргагын алтын чордоймун, / Чыраш тартып сыртынан, / Жибек менен тордоймун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Таза жерге жыктырдым, / Тармал ирик кырктырдым, / Кыздарга кылын тердирдим, / Шуушаң менен керттирдим, / Майда кумга сабаттым, / Төрт талаа кылып жасаттым, / Тигишип милте жаптырдым, / Тышынан чыраш тартырттым, / Ичине шайы ичтеттим, / Жээгине кара карматтым, / Борго кошуп болоттон, / Арасына ширеттим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →