чыпылда

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Чып-чып эткен дабыш чыгуу (мис. ичке чыбык же камчы менен чабуудан).
  2. Чып-чып этип, сызылып чыгуу, агуу (көбүнчө терге карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кармаса, / Бойу бойго тирелип, / Буту тийген жерлери, / Нак буурусундай жирелип, / Жердин бети тытылып, / Чөптүн көбү кырчылып, / Былкылдак саздаң жерлерден, / Чыпылдаган суу чыгып, / Кимиси жыгып, ким калат, / Уйкусу келип чыдабай, / Далайы аттан жыгылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыпылдап бетин тер басып, / Сейити бердим дегенде, / Ант урган жөөт Сулаймат: / — Мен ыраазы, балам сага, / Көөнүмдү кубанттың, / Балалыгын, билгиздиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тер аккан жок чыпылдап, / Молдо торгой, сандыгач, / Жагымдуу сайрап быжырап, / Күкүктөр таңшыйт үн салып, / Зейнепти таап алгансып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Он сегиз менен он тогуз, / Ортосунда жашы бар, / Ханга ылайык каш бар, / Байга ылайык башы бар, / Байкап турат алыстан, / Балбан болчу кейпи бар, / Калың элди башкарып, / Сардар болчу кейпи бар, / Жылдыздай көзү жалтылдап, / Минген аты Буурул кылкылдап, / Семетейди көргөндө, / Тер агып бойдон чыпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →