чыпалак

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Колдун же буттун манжаларындагы эң акыркы (бешинчи) кичинекей манжа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чыпалактай кызыл кан, / Ат сооруга куйулуп, / Алдындагы Желжетпес, / Кызыл канга жуурулуп, / Кармамак болду Сурмерген, / Чылбырына кол сунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чалкадан жаткан чоң дөөнүн, / Төшүнө чыга калганы, / Жан талашып бадырек, / Колун серпип алганы, / Чыпалак тийсе урунуп, / Чылбыр бойу алыска, / Чубак учуп барганы, / Өлдү Макил ушинтип, / Өзөктөн чыгып жан-маны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карчыганын балык эт, / Карыш найза мылк деди, / Чыпалактай кызыл кан, / Ат сооруга шыр деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сооруга найза мылк этип, / Тоо томорчуу куткарбас, / Томолонду шылк этип, / Чыпалактай кара кан, / Жерге түштү шыр этип, / Телкүрөң оозун тарткыча, / Шайтанын койбой каккыча, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Экөө эки кош болуп, / Алып кетти шып эти… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Мен чын сырымды айтайын, Камыртайдын куйругунан биртал кылын алып, эки чыпалагымды бириктирип байласаңыз, менин күчүм ошондо, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →