чыныгы

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Анык, чын, таза.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылантору мал экен, / Чыныгы тулпар ал экен, / Тизгин чойуп тарттырбай, / Оң жагынан бурулуп, / Тегеренген чагы экен, / Акылы ушул Тору аттын, / Алгарача бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сейитимдин жанында, / Көзүнгөндүн баарысын, / Чыныгы болгон иш эле., / Ар канча салса сыйкырды, / Болгону жок дегеле, / Өткөндөрдүн оорагы, / Көрүнүп турса түр менен, / Сыйкыр беттеп барабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күндөй болгон Чүрөктү, / Көрүнө тартуу кылгыдай, / Чыныгы доого калдымбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Айалдан чыккан акылман, / Ааламга дайын таанылган, / Ак олпок өңдөп кийгизген, / Камдагай иштеп тиккизген, / Кылым дүйнө бетине, / Кыйындыгын билгизген, / Чыныгы Манас арстанга, / Чыгышты карай басканда, / Белек берип жандарга, / Калпак берип калганга, / Ай-ааламга даң кылып, / Ак калпак кыргыз дегизген, / Атайын кылам … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Сен мага чыныгы дос экенинди аныктап көрсөт: койнуңдагы асыл ташты менин колума бер, эртең кайра өзүңө берем, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →