чынжыр

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Бирине-бири илиништирилип жасалган темир тизмек.
  2. өт. Тушоо, кишен.
  3. өт. Байланыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…умганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жибек менен чынжырдан, / Жыйып аркан салдырган, / Селкинчек тээп жатышкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жайдак болбой бардык нар, / Төө жабуу салып комдонсун, / Самсаалатып чачысын, / Четине жибек тор болсун, / Буйласы калай, жез чынжыр, / Кем-керчиси болбосун, / Үчтөн төөгө бирден тың, / Жүк артарга уул болсун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал күйшөнүп койсо, чынжырдын көзү сайын үзүлөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →