чында

китептерде 115 жолу, 10 китепте
  1. Чыны менен, бардык күч-аракети менен киришүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аскер ээси сегиз хан, / Аскери жок өзү бар, / Каракөз менен тогуз хан, / Чогулушуп калышты, / Кеңеш кебин салышты, / Чындап кылды убада, / Кетирбеске намысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…и буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андай эмес, абакем, / Качып берсек жөн эле, / Жер жайнаган көп аскер, / Жабылып чыгат тынч элге, / Элди талап албайбы, / Бооз катынды жарбайбы, / Белиң чындап сынбайбы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Отту чындап жактырып, / Отту чындап жакканда, / Ошондо казан кайнады, / Бала жолборс Семетей, / Кайнаганын байкады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Алымжандын кейпин көргөндөн кийин мен «эми мындан аяна турган эмне калды» деп ойлоп, кемпир менен чындап айтышкым келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →