чынар
- Салааланган жазы жалбырактуу, бийик өсө турган жыгач.
- өт. Таяныч, тирек, жөлөк, калканч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хандардын арка жагынан, / Манжулардын Каман алп, / Солондордун Чынары, / Кара кытай Кампалаң – / Моңгулдардын Калдалаң, / Балбан жөнөп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди кор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тулку бойуң мунардай, / Колу-буту чынардай, / Жаратканга муңайып, / Мунажат кылды Алмамбет, / Чыдап карап туралбай: / “Көк мелжиген зоо кылып, / Тоо жараттың кудурет, / Бир жагы оң, бир сол, / Кол жарат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Камалып жаткан белине, / Күн батышта жети дөө, / Адамдан кармап чеп кылып, / Кыйынсып жаткан ченинде, / «Манастап» ураан чакырып, / Найза, кылыч ордуна, / Чоң чынарды иштетип, / Баарысын айдап жапырып, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн дөөнү баш кылып, / Кийим кийбес, аш ичпес, / Жоо сайышып ат минбес, / Келбес жайга тапшыры…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →