чын
- Анык; даана, туура, ырас, калп эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрекче мунун кызматы, / Кыйаз мында келгенде, / Кабарды мурун айтканы, / Ырас чынын айтканда, / Таластын тузун актады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →