чымыркан

китептерде 52 жолу, 9 китепте
  1. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу.
  2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Карабуура, Чаткалдан, / Айланып кайта жүргөндө, / Тажиктердин Көкбөрү: / “Кезеги эми келди – деп, / Кененим коркуп коргондон, / Чыкпай койду билдим” деп, / Чымырканып чыйралып, / Үйдөй чокмор колго алып: / “Ачып көздү жумганча, / Мен күмбөзгө барайын, / Чокмор менен талкалап, / Топурагын тоз кылып, / Оорагымды чыгарып, / Күм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жол баштаган жооп айтты, / Кобурабай тургун, деп, / Колду баштап басканы, / Колун сунуп Бактыбай, / Далысынан кармады, / Чымчыктай аттан алганы, / Чымырканып сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сөөбү ушак болсо да, / Нескарадан кем эмес, / Бүткөн бойу тарамыш, / Чымырканган эр эле, / Чыкса Агыш чыга алат, - / — Кайда, барбы Агыш?- деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чымырканып чынданып, / Кезегин берип турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чымырканып кеп айтат, / — Чырагым, уккун — деп айтат, — / Курдашым Манас барында, / Көрбөгөндү көргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →