чымыра
- Дүүлүгүп жыбырагандай, чыбыр ала болгондой көрүнүү, жыбыр-жубур эткендей сезимде болуу (көбүнчө денеге карата).
- Чыбырчыктоо; көөп жылый баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балтаны көрүп Суумерген, / Кара тер бойдон жыбырап, / Карарып көзү тунарып, / Тамандан үркүп бүткөн бой, / Төбөгө чейин чымырап, / Токтоно албай Суумерген, / Сууну карай качканы, / Этек-жеңи дирилдеп, / Алдындагы кара аттын, / Жал-куйругу бириндеп, / Эр намысы жоголуп, / Кетип барат Суумерген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Көргөн элге билгизип, / Иле менен Алмамбет, / Пайдасын элге тийгизип, / Кыркуудан чыга калыптыр, / Кажы-кужу кыжылдап, / Кара курттай быжылдап, / Жердин бети чымырап, / Кумурскадай кыбырап, / Сандаган черүү аскерге, / Жер бети толуп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чымырап казан турганы, / Үч күндөн бери бул дүйнө, / Өзгөрө баштап калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чырпык бүрдөп, бүр байлап, / Жер чымырап, көк чайлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзүнөн катыны көп жаш, ары кетсе жыйырма бештерде деп айтарлык чарчы бойлуу, көзү капкара, бети тоголок чымыраган кара катын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →