чымын
- Көбүнчө жугуштуу оорулардын козгогучтарын таратуучу эки канаттуу майда жандык.
- өт. Жин, шайтан, бакшылык өнөрү.
- өт. Чыгармачылык өнөргө карата жөндөмдүүлүк, шык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Имерилсе жаныбар, / Жайкалган шибер чөп экен, / Жан барбас туйук жер экен, / Ушул жерде эндиреп, / Кулагы тунуп дүңгүрөп, / Аккуланын үстүнөн, / Жыгылып калды дардайып, / Сулап жатты далдайып, / Дем алганда таноосу, / Узунга дейре барбайып, / Бетине чымын кондурбай, / Аккула турду кайтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чымын, чиркей тулаңда, / Көрүнбөй көзгө кымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →