чымылдак

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Көбүнчө ууга чыкканда колдонулуучу, чыйылдаган ичке үн чыгаруучу ышкырык; оюнчук ышкырык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздан чыккан шумурай, / Уй мүйүздөн жасаган, / Чымылдакты тартканда, / Карылар жашып каңырык, / Койнуна жашын агызып, / Муңдуулар ыйлап эчкирип, / Делдейип тыңшап калучу, / Эчтемени элебей, / Жарык күн батып кечкирип,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чымылдактай зыркырап, / Жердин бети жаңырык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чымылдак тартып жез найдан, / Чымыроонду кең найдын, / Сурнай тартып жез найдан, / Суу акпаган кең сайдан, / Суулар агып кошулуп, / Башынан мөңгү бузулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →