чымчыктай

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Тыптырнактай, өтө эле кичинекей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жол баштаган жооп айтты, / Кобурабай тургун, деп, / Колду баштап басканы, / Колун сунуп Бактыбай, / Далысынан кармады, / Чымчыктай аттан алганы, / Чымырканып сурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Кыйкырып барат чалдырап, / Чымынчалык дарман жок, / Чымчыктай көзү жалдырап, / Ачып көздү жумганча, / Айта-буйта кылганча, / Аскери арбып олбуду, / Ченемсиз черүү колбуду, / Таман койор жери жок, / Каланын ичи жык толду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шапырак чапкан сом балта, / Сырты менен балтанын, / Баатыр Чубак какканда, / Шапырактын балтасы, / Чымчыктай учту асманга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бастырып жолго киргенде, / Ээси Кыйаз баатырга, / Үстүндөгү Чүрөктүн / Жаман ниетин билгенде, / Арам өлгөн тору атка, / Мындай бир ой келди эле: / “Чымчыктай кылып Чүрөктү, / Ала качып жөнөйүн, / Тоо аралап өтөйүн, / Тоого таштап кетейин, / Токойго кирип барайын, / Токойду жүрүп аралап, / Бутакка илип салайын, / Бут… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →