чымчык
- Таранчы; жалпы эле чоңдугу таранчы сыяктуу болгон куштар, майда куштар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…энин сүтүн алдырып, / Чоң чарага куйдуруп, / Бактыбайды салдырып: / — Буткул сууну жердеген, / Кургак жерге келбеген, / Сырты кара, боору ак, / Суучулдук деген чымчык бар, / Андан кармап келиңер, / Жүнүн жулуп алгыла, / Күнгө жайа салгыла, / Чай кайнамда какжырайт, / Талкан кылып тарткыла, / Жараатына чапкыла, / Сүт тикенден…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…оң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көзүңдү ачып байкасаң, / Деп ошентип Алмамбет, / Болду толук айтып кеп, / Байкастоого кууларды, / Белгилед…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
чалбас Күмүшбулакта, / Карды салык кара аркар, / Жалгыз жүрөт кумда оттоп, / Ага барбайт башка аркар, / Кол башындай сандыкка, / Салып койуп сактаткан, / Жети чымчык жаным бар, / Минип жүргөн Тоотору, / Ишенимдүү малым бар, / Тору атта менин демим бар, / Он экиге чыга элек, / Сениң он эки жылдык кимиң бар, / Эмгичекти сага …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төшүнө кайып жайылган, / Кай бирден келип жыйылган, / Чөптүү жерге капташса, / Капталдан келип жиреген, / Кайыңы көктү тиреген, / Чырпыгы бар чынардай, / Чынары бар мунардай, / Чымчыктары улардай, / Чымчыктардын үнүнө, / Чыдап бенде тура албай, / Талдары бар түркүктөй, / Таранчысы өрдөктөй, / Жалган айтып койбосом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
"Эми кыздарды жейин"-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →