чымдуу
- Чым баскан, кыртыштуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жаткан Отордон, / Чымдуу жерлер чытырап, / Суусу агып чылпылдап, / Какырга калса капташып, / Таштар учуп чыркырап, / Топурак учуп буркурап, / Эпкининен шамалдап, / Жел айдады зыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рда, / Салмактарын салышып, / Буттарын мыктап басканда, / Тизеден жерге батканда, / Буттарын кайра тартканда, / Казан каптай кара жер, / Каңтарылып жатканда, / Чымдуу жерлер чытырап, Чылпылдап суулар акканда, / Башы чыккан нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Кээ бир жерден таштардын, / Башы чыкты кодойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул этектен алыптыр, / Үзөңгү боого салыптыр, / Капталда калды кабышып, / Кандырга атты салышып, / Буттарында үзөңгү, / Карсылдашып кагышып / Чымдуу жерди аңтарып, / Дөмөр башты каңтарып, / Ойулуп кетчү немедей, / Саз солкулдап аз калып, / Тизгин колдо бош эмес, / Жүрөргө атты башкарып, / Жыгылды баатыр Бак…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →