чылым
- Тартылган тамекинин түтүнү атайын куюлган суу аркылуу өтүп тазаланып чыгууга ылайыкталган нерсе.
- Түтүкчө кылып оролгон тамеки.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…р, / Калтырбай Манас келбетин, / Каныкей байкап алыптыр, / Кыздардын барып жанына, / Оң бутун баатыр көтөрүп, / Куланын артып жалына, / Анжыйандын ак куурма, / Чылымын алып колуна / Астыртан тиктеп кылыйып, / Кыздардын карап тобуна, / Каныкейди жактырып, / Алыш кетип ойуна, / Калайтып сырын алдырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча камынып, / Арстан туулган Гүлүстөн, / Калмакча кылып кааданы, / Анжийандын ак куурма, / Жез чылымга салды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →