чылпылда
- Былч-былч этүү, сууга, терге чылануу, майы көп болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тышып, / Үзүлгөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан нем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп жаш жигит, / Бойуна кирди кылчылдак, / Маңдайдан тери бөлүндү, / Бурчак-бурчак чылпылдап: / — Тура тургун, Мадана, / Эми эле алып беремин, / Минериңе тулпар ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тогуз жолдун тоомунда, / Чылпылдактын сазында, / Барбайлы деп ал тойго, / Таркатып ийген Жалгызек, / Ошол тойдон укканмын, / Мына ушул айткан кеп, / Күмөндөнүп турамын, / Келгендер кандай мейман деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →