чылпак
- Көбүнчө көз ооруп калган учурда, көздөн чыгуучу ириңдүү нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көөдөндөрү кирилдеп, / Көздөрү чылпак ириңдеп, / Кирпиги катып чакыйып, / Сакалдары бириндеп, / Коколорун кысышып, / Жакаларын жыртышып, / Бел боолорун үзүшүп, / Ээктерге сүзүшүп, / Этектерин бөлүш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кирпигинде чылпагы, / Балтыр бешик баладай, / Эки көздүн ортосу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көздөрүн жалап Айчүрөк, / Чылпактарын кетирди, / Байагы берген дарысы, / Күч-кубатын келтирди, / Чүрөктү көрүп энеңиз, / Э дей албай эси ооп, / А дей албай ал кетип, / Өңүмбү,түшүм кандай, деп, / Тил байланып шай кетип, / Оозунан агып шалдары, / Кирпиктери тиктелип, / Абдан эси жыйылды, / Бүткөн бойго күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Он эки жыл зор Бакай, / Керүүгө салып төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты, / Ыйлап жүрүп сени деп, / Муштумдай көзү шишиди, / Аарчый албай чылпакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →