чылбыр
- Ноктого же жүгөндүн бир жагындагы ооздуктун чагарагына тагылуучу узун тилке кайыш же көбүнчө кыл кошулуп эшилген жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чылбырына жакындап, / Билгизбей Көкөй туруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ан айбандын, / Оозунан көбүк чачылып, / Үнү күндөй күркүрөп, / Уккан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учуна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тоодой болгон хан Кыйаз, / Чылбырынан кармады / «Койгун, баатыр, болду — деп, — / Эр Кыйаз айтып калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →