чылапчын

китептерде 3 жолу
  1. Кир жуу үчүн ылайыкталып, ар кандай металлдардан сүйрү же тегерек формада жасалган идиш, дагара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Үйдүн жанында бир эки ит чылапчындагы канды талашып, ыркырап, кабышып жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жанында көп какырып ботала болгон бир чылапчын жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга жакын барып отурдум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →