чыла2
- Сууга салып коюу, суу кошуп аралаштыруу, суюктукка салып коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызыл алп жатты ал түнү, / Төө менен доңуз сойуп жеп, / Чыланып майга малмырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдына минген Көктеке, / Кара терге чыланып, / Келип элдер сурашып, / Көргөнүн айтып Тазбаймат, / «Бастыралы Каныш», — деп, / Шашмалап турат ыкчамдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Белендеп койгон башынан, / Мыйаздын чылап суусуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
–деп, / Чылаган заарды бердирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →